Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Күч органдары акимчилик кызматкерлерин окутууда


Бишкекте күч кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн окута баштады. Бир аптага улана турган тренинг Башкаруу академиясында өтүүдө.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын, УКМК, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматы, Улуттук гвардиянын эксперттери түрдүү кырдаалдарда жергиликтүү бийлик менен кызматташуу, кооптуу жагдайларды алдын алуу, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол-жоболорду түшүндүрүп жатат.

Уюштуруучулардын айтымында, дүйнөдөгү саясий абалдын курчушунан улам улуттук коопсуздукту бекемдөө да маанилүү болууда. Ошондуктан акимчиликтердин кызматкерлерине жарандык коргонуу, улут аралык жаңжалдарга жол бербөө, аскердик доктрина, чек араларды, мамлекеттик жана стратегиялык жайларды коргоо, массалык башаламандык чыгып кетсе элди жана экономиканы мобилизациялоо сыяктуу багыттар боюнча негизги маалымат берилүүдө.

Тренингге Бишкек, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын райондук жана облустук акимчиликтеринин өкүлдөрү катышып жатат. Апрель айында ушундай эле иш-чара республиканын түштүк аймагында жайгашкан облустар үчүн өткөрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG