Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Украина чыгышында үч аскер мерт болду


Украин бийликтери акыркы 24 саат ичинде өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилер менен урушта үч аскери ажал таап, дагы жетөө жаракат алганын билдирди. Армия өкүлү Александр Мотузиануктун айтымында, бул кан төгүү жикчилердин таянычы саналган Донецк шаарынан 50 чакырым түндүк тарапта жайгашкан Зайцев айылындагы уруш тилкесинде болгон.

Жикчилер болсо украин өкмөттүк күчтөрү Зайцев айылы менен Донецктин чет жакасына сокку урганын кабарлады.

Соңку маалыматтарга караганда, Украина чыгышында орусиячыл жикчилер менен уруш башталган 2014-жылдын апрелинен бери 9 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында урушуп жаткан аскерлерден тыш жайкын тургундар да бар.

2015-жылдын сентябрында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишимине кол коюлгандан бери кагылышуулар азайганы менен биротоло токтой элек. Келишимдин негизги шарттарын бузган ок атышуулар аймакта дале тез-тез учурап турат.


XS
SM
MD
LG