Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

VimpleCom өзбек аткаминерлерине ири өлчөмдө пара бергени аныкталды


VimpleCom компаниясы менен байланышкан чырдын башкы күнөөкөрү Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова экени айтылат.
VimpleCom компаниясы менен байланышкан чырдын башкы күнөөкөрү Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова экени айтылат.

АКШнын Юстиция департаменти 18-февралда VimpleCom ишканасы Өзбекстанда ишмердик кылган учурда коррупцияга кол урганын бышыктаган баяндаманы жарыялады. Документте айтылгандай, компания Өзбекстанда иштөө үчүн лицензия алуу максатында Ташкент расмийлери менен жемкорлук жасаган.

Баш кеңсеси Голландиянын Амстердам шаарында жайгашкан VimpleCom АКШнын Юстиция департаментинин айыптоосун моюнга алды. Ишкананын башкы директору Жан Ив Шарлье “Жол бергис мыйзам бузууну жасаганыбызга бушайманбыз” деп билдирди. Ошентип VimpleCom 2006-жылдан 2012-жылга чейин өзбекстандык аткаминерлерге 114 миллион доллар пара бергени ачыкка чыкты.

Ишкана жетекчилиги бул мыйзам бузуу үчүн 750 миллион доллар айып төлөөгө даяр экенин белгилейт.

АКШ жана Голландия расмийлери VimpleCom Өзбекстандын уюлдук байланыш базарына кирүү максатында президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берген деген шек менен 2012-жылы иликтөөлөрдү баштап, бул эл аралык деңгээлдеги чырга айланган. (SE)

XS
SM
MD
LG