Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:18

“Алтынкендин” жумушулары иш таштоону токтотушту


"Алтынкен" компаниясынын жумушчулары.

Бул тууралуу комбинаттын кесиптик кошуунун жетекчиси Таалай Кудусов жекшемби күнү билдирди. Анын айтуусунда, жумушчулардын айлык акысы төмөндөтүлбөй турган болуп чечилгендиктен жумушчулар жекшемби күнү ишке чыгышты:

-Бүгүн жумушка чыгышты. Баары жайында болду. Баары иштеп жатышат.

Талды-Булак Сол-Жээктеги алтын кенин казууга киришип жаткан “Алтынкен” комбинатынын жумушчулары айлык акыларды төмөндөтпөө талабы менен 19-февралда иш ташташкан. Иш таштоо эки күнгө созулду. “Алтынкендин” 60% кытай компаниясына, калган бөлүгү “Кыргызалтынга” таандык. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG