Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Өкмөт октон набыт кеткен аскердин үй-бүлөсүнө 100 000 сом бөлдү


Балыкчыдагы аскер бөлүктө этиятсыздыктан башына ок тийип каза тапкан жоокер Дастан Мурат уулунун үй-бүлөсүнө өкмөттүн резервдик фондунан 100 000 сом бөлүндү. Тийиштүү буйрукка бүгүн премьер-министр Темир Сариев кол койду.

18-февраль күнү №20636 аскер бөлүгүндө 19 жаштагы жоокер Дастан Мурат уулу сүрөткө түшөм деп даярданып атканда жанында турган шериги кокустан атып алган. Дастан ооруканада каза болгон. Алар экөө тең былтыр жазында кызмат өтөөгө чакырылган.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши ачылып, маркумду атып алган шериги камакка алынган. Тергөө иштерин Балыкчыдагы Гарнизондук прокуратура жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG