Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Кара-Сууда "хизбутчу" делген аялдар жыйын куруп жатканда кармалды


Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, "Хизб-ут-Тахрир" кыймылына мүчө делген аялдар бир үйгө чогулуп, жыйын куруп жатышканы аныкталган. Милиция ал үйдө жыйын өтүп жаткан үйдөн тыюу салынган диний адабияттар табылганын, табылган адабияттарга теологиялык экспертиза дайындалганын маалымдады. Ал эми кармалган 16 аял сурактан кийин кое берилген.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдарга мүчө 1800дөй адам экстремист деп каттоого алынган.

“Хизб-ут-Тахрир” партиясынын идеясын жайылтып жүргөндөр жалпы каттоого алынгандардын 81% түзөт. Басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жашоочулары. Соңку жылдары Нарын жана Ысык-Көлдө да активдеше баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG