Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Алтыбаева: Ботаникалык бакты сактап калууга тийишпиз


Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакка кызыккан чет өлкөлүк ишкерлер чыгып жатат, деп билдирди ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева пленардык отурумда. Ал түрдүү акча жана сунуштар менен келип жаткан чет өлкөлүк жана башка бай адамдарга ботаникалык бактын сатылып кетүүсүнө жол бербөөгө кесиптештерин чакырды. Депутат ошондой эле өкмөттөн ботаникалык бакты өнүктүрүү үчүн каражат жагын караштырууну өтүндү.

Бир нече күн мурун Гареев атындагы ботаникалык бакты Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүү демилеси көтөрүлгөн. Экологдор болсо буга каршы чыгып, мындан бак илимий максатта колдонуудан калат деп билдиришүүдө. Айрым маалыматтар боюнча учурда Илимдер академиясы бакты каржылоо үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG