Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Түштүк Каролинада праймеризде Клинтон жеңди


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

Түштүк Каролина штатында демократиялык партиянын талапкерлери өткөргөн ич ара таймашта экс-мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жеңишке жетишти. Азырынча толук жыйынтык чыга элек, бирок алдын ала алынган маалыматтар Клинтон алдыда экенин көрсөтүүдө. Анын башкы атаандашы эсептелген Берни Сандерс жеңилгенин моюнга алып, ич ара таймашта жеңишке жеткени үчүн Клинтонду куттуктады. Ошол эле кезде ал президенттикке талапкер болууга жарыш бүткөн жок деп жарыялады.

1-мартта АКШнын 11 штатында Демократиялык жана Республикалык партиялардын ич ара таймаштары өтөт. Бул күн “укмуш шейшемби” деп аталууда. Соңку сурамжылоолорго караганда, Сандерс жалпы өлкө боюнча шайлоочулардын көбүрөөк бөлүгүнүн колдоосуна ээ болууда. Аны демократтардын 47% колдосо, Клинтондун рейтинги 44% деп бааланууда.

Клинтон төрт жолу өткөн ич ара таймаштын үчөөндө жеңген. Түштүк Каролинадан сырткары Айова, Невада экс-мамкатчыны колдогон. Демократтар партиясы президенттик шайлоого чыкчу талапердин атын июлда, Филадельфияда өтө турган курултайда жарыялайт. Шайлоо ноябрда өтөт.

Ал эми Республикалык партиядан чукул билдирүүлөрдү жасап, сынга кабылганына карабай миллиардер Дональд Трамп алдыда келатат. Ал ич ара таймашта Түштүк Каролина, Невада жана Нью-Гемпширде жеңишке жеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG