Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Салык текшерүүлөрүн убактылуу токтотуу сунушталууда


Кыргызстанда салык текшерүүлөрүн убактылуу токтото туруу сунушталууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде ушул маселе каралат. «Салык текшерүүлөрүнө мораторий киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жети депутаттан турган топ иштеп чыкты. Демилечилердин бири – депутат Дастан Бекешевдин “Азаттыкка” айтымында, мындай кадамга барууга учурдагы экономикалык кризис себеп болууда. Эгер мыйзам долбоору колдоого ээ болуп, ишке кирсе, салык төлөөчүлөр мурдагыдай эле төлөмдөрүн уланта берет, болгону аларды текшерүү убактылуу токтойт:

- Салык кызматкери келгенде ага убакыт бөлүп, отуруш керек. Кээде акча берип, коррупцияга да барууга туура келет. Экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге ушинтип жардам берсек жакшы болот эле. Аларга шарт түзсөк, бюджетке акча көбүрөөк түшө баштайт.

Чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 40% түзөт. Бирок ишкерлер түрдүү текшерүүлөрдүн айынан өнүгүү жакшы болбой жатканын айтып келишет.

Учурда мыйзам боюнча салык инспекторлору ишкана-компанияларды ай сайын текшерип, рейддерди уюштурууга укуктуу.

Эгер депуттар сунуштап жаткан мыйзам долбоору колдоо тапса, салык текшерүүлөрүнө мораторий 31-декабрга чейин киргизилет. (RK)

XS
SM
MD
LG