Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

Кыргыз-орус корунун 265 млн. доллары Орусияда сакталууда


Нурсулу Ахметова президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учур.
Нурсулу Ахметова президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учур.

Бул маалыматты дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы маселелер боюнча комитетинин жыйынында кордун башчысы Нурсулу Ахметова ырастады. Анын айтымында, Кыргыз-орус өнүгүү корунун 350 миллион доллар өлчөмүндөгү уставдык капиталынын 256 миллион доллары азыр Орусиянын мамлекеттик банкында сакталууда.

Ахметова белгилегендей, бул акча убактылуу орус өкмөтүнүн баалуу кагаздарына жана мамлекеттик банктардын бирине депозитке салынган.

Кыргыз-орус корунун башчысы каражаттын Орусияда сакталып турушун орусиялык тараптан Кыргызстандын банк секторуна ишенбөөчүлүк болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Ахметова кошумчалагандай, учурда Кыргыз-орус корунун 10 миллион доллары “Айыл банкта” сакталууда. Кордон буга дейре «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу айыл чарбасына 367 миллион сом насыя берилген.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус кору кыргызстандык ишкерлерге насыя берүүнү создуктуруп жана татаалдаштырып жатканын бир ирет сынга алган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG