Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Кыргызстанда валюталык башкаруу органын түзүү сунушталууда


Улуттук банктын ордуна Кыргызстандын валюталык башкаруу органын түзүү сунушу Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын бүгүнкү Бишкекте өткөн жыйынында айтылып, чечим кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономист жана аталган кыймылдын өкүлү Кубан Чороев кабарлады. Анын айтуусунда, аталган жыйынга республиканын ар кайсы районунан эки миңдей делегат келген. Алар акча системасын реформалап, валюталык башкаруу системасына өтсүн деген чечим кабыл алышты.

-Азыркы кризистик акыбалга Улуттук банктын түздөн түз тиешеси бар. Эгер биз валюталык башкаруу системасына өтсөк, Кыргызстандын банк системасына 70 млрд. сомдон ашуун акчаны киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки-үч жыл мурда насыя алып, кризистин айынан төлөй албай жүргөндөрдүн насыяларын кайра каржылоочу фонд менен сатып алып, элге пайызы жок насыя берилсин деген чечимди Жогорку Кеңешке бердик. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмес, Валюталык башкаруусу деген жаңы орган түзүлүшү керек. Мындай чечимге бардык делегаттар кол коюп, бекиттик.

Бүгүн улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдө долларды азайтуу аракети көрүлүп, насыялар сом менен бериле баштаганын айтты. Ошондой эле эсептик чен өлчөм 10% бойдон калып, инфляциянын азыркы деңгээли 1,4% түзгөнүн белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG