Москвада эки кыргызстандык кызды кордоп, видеосун интернетке тараткан үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин Москвадагы расмий өкүлү Аскат Алиев кабарлады. Анын айтымында, үчөө тең Москва полициясынын түндүк-чыгыш бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда алар суракка алынып, кылмыш иш козгоо маселеси каралып жатат.
Февраль айынын ортосунда өзүн патриот атаган кыргызстандык балдар эки кызды чөнтөк телефонунун видеосуна тартып, башка улуттагы эркектер менен мамиле курганы үчүн айыптап, суракка алган видео тараган.
Аскат Алиевдин айтымында, жабыркаган кыздардын бири полицияга кайрылып, ошол арыздын негизинде кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлдү. (RK)