Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Изилдөө: Кордук көргөн аялдардын 90% жакыны эч жакка кайрылышпайт


Бул тууралуу “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинин жаңы изилдөөсүндө айтылат. Аталган бирикме эл аралык “Горби” уюму менен биргеликте коомдук коопсуздук боюнча изилдөө жүргүзгөн. Жарандык кыймылдын тескөөчүсү Тимур Шайхутдиновдун “Азаттыкка” айтуусунда, үй-бүлөдө зомбулукка туш болгон кыз-келиндердин 88 пайыздан көбү тартип коргоо органдарына кайрылбай турганын билдиришкен.

- Изилдөөдө негизги суроолордун бири аялдарга карата зомбулук жана ала качуу маселеси болду. Сурамжылоого катышкандардын айтуусунда, ар бир 25-аял сексуалдык зомбулукка кабыларын айтышкан. Алардын үчтөн бир бөлүгү гана милицияга кайрылган. Бул дагы милициянын ишин жана аялдарга жасалган кылмыштардын бетин ачууга, жардам берүүгө канчалык даяр экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле 5 пайыздан көбү өз каалосууна каршы, ала качуу аркылуу турмушка чыгышкан. Алардын басымдуу бөлүгү тартип коргоо органдарына кайрылган эмес.

Изилдөө өлкөнүн бардык аймактарында өткөн жылы жүргүзүлгөн. Сурамжылоого катышкан 3,5 миңден ашуун адамдын теңинен көбүн аялдар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG