Бул тууралуу эстеликтин долбоорун караган комиссиянын мучөсү Кабылбек Үсөнбаев “Азаттыкка” кабарлады.
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Үркүндүн 100 жана Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата орнотула турган эстеликтин долбоору боюнча комиссия экинчи ирет жыйынга чогулду.
Буга чейин бул сынакка айкелчилердин 6 эмгеги келип түшкөн. Алгачкы сыноодон Мирлан Осмоналиевдин айкели өткөн болчу. Коомчулуктун пикиринен улам айкелди өзгөртүү сунушталып, комиссия сынактын экинчи тандоосу өткөрүлдү. Бул жолу сынакка 12 эмгек коюлду. Жыйынтыгы кийинки аптада белгилүү болот. Комиссия карап чыгып, жеңүүчүнү аныктаган соң жаз алды менен курулуш иштери башталат.
Эстелик Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлат. Каражат президенттин фондунун атайын Үркүндүн 100 жылдыгына деген 3 миллион сомунун эсебинен жана кошумча облустук бюджеттен бөлүнмөкчү. (AsM)