Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

“Ак илбирс” киносыйлыгына сынак башталды


Кыргызстандык режиссерлордун арасында жыл сайын өтө турган улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгына көрсөтүлчү тасмалар келип түшө баштады. Тасмаларды кабыл алуу 31-мартта соңуна чыгып, сыйлык тапшыруу аземи 15-майда “Манас” кинотеатрында өтөт. Бул тууралуу Кинематографисттер бирикмесинен билдиришти. Келип түшкөн тасмалар калыстар тобу тарабынан каралып, тандалгандары бир нече номинация боюнча атайын сыйлыктарга ээ болот.

“Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы 2015-жылы Орто Азия киноискусствосун да өзүнө камтыганга умтулуп, ага чейин белгиленип келген он төрт номинацияга “Орто Азиянын мыкты тасмасы” жана “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” номинациясы кошулган. “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы быйыл бешинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт.(ZA)

XS
SM
MD
LG