Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Бишкектеги жыйында ишкер аялдардын маселелери козголот


Бүгүн Бишкекте кыргызстандык ишкер аялдардын абалы, көйгөйлөрү талкууланат. “Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген аталыштагы конференцияны Экономика министрлиги Азия өнүгүү банкы менен бирге уюштурууда.

Учурда Азия банкынын каржылоосу менен айыл жана кичи шаарларда аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жаатында долбоор жүрүп жатат. Ал боюнча Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Жалал-Абад облустарында 14 тренинг өткөрүлүп, 287 аял бизнес-план түзүүгө, лидерликке үйрөндү. 80 аялга насыя берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG