Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:00

Оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга 4 жылга чейин уруксат


Кыргызстандагы эң ири унаа базары.

Жогорку Кеңеш 3-мартта оң рулдуу унаа менен жүргүнчүлөрдү жана коммерциялык жүктү ташууга байланыштуу мыйзам долбоорду талкуулап, кабыл алды. Ага ылайык, оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салуунун мөөнөтү 2020-жылга узартылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген.

Эл өкүлдөрү өлкөдө көп сандаган оң рулдуу машиналар бар экенин белгилеп, тыюу салуу социалдык чыңалууга алып келиши ыктымалдыгын белгилешет.

Такталбаган маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү алыс-жакын каттамдарга, шаар ичинде такси кызматын көрсөткөн машиналардын 25% оң рулдуу автоунаалар. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG