Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Кытай Казакстанга соттолгон төрт жаранын өткөрүп берди


Казакстандын Башкы прокуратурасы бүгүн тараткан маалыматка караганда, Кытайда маңзат соодасы жана киши өлтүрүү боюнча айыпталып, ар кандай мөөнөттөгү абак жазасына кесилген төрт казак жаранын Бээжин Астанага өткөрүп берди. Алар калган жаза мөөнөтүн Казакстанда өтөө үчүн Үрүмчү шаарынан жөнөтүлдү. Соттолгон төрт жаранды Казакстанга өткөрүү чечими алардын өз өтүнүчтөрүнүн негизинде кабыл алынган.

Кытай менен Казакстан ортосунда бири-биринин аймагында соттолуп, абакка кесилген жарандарды өткөрүп берүү боюнча келишимге 2011-жылдын 22-февралында кол коюлган. Аны казак тарап 2013-жылы, Кытай былтыр июлда ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG