Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

УКМКнын башкы имаратында өрт чыкты


Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратында бүгүн кечинде өрт чыкты. Окуя болгон жерге барган кабарчыбыз азыр өрт өчкөнүн жана башкы имаратта электр жарыгы жок, караңгыда турганын кабарлады. Мунун алдында имарат түтүнгө чулганып, ичиндеги кызматкерлер сыртка чыгарылганы кабарланып жаткан.

Айрым маалымат каражаттары УКМКнын тергөө абагында жардыруу болуп, өрт ошондон чыкканын жазып жиберишкен. Бирок УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" жардыруу болгону тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бирок ал өрт болгонун ырастап, ал имараттын бир бөлмөсүндөгү электр зымдарынан чыкканын билдирди. Маалымат катчынын айтымында, тез арада жетип келген өрт өчүргүчтөр кооптуу жагдайды жайгарды. Чачылган суу кургаганча электр жарыгын күйгүзүүгө уруксат берилбегендиктен имарат азыр караңгыга чулганып турат.

Тез жардам кызматы бирок бул кырсыктан сегиз адам жабыркаганын, экөөнүн абалы оор экенин “Азаттыкка” ырастады.

XS
SM
MD
LG