Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Чеченстанда Кадыровду жактаган митинг болгон жок


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

6-мартка белгиленген митингди бийлик токтотконун жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышты. Президент Рамзан Кадыровду колдоо митинги тууралуу мурдатан белгилүү болгон, студенттерге сөзсүз катышуу милдеттендирилип, ал эми билим берүү тармагынын кызматкерлерине баннерлерди даярдоо тапшырылган. Бул тууралуу окутуучулар өздөрү “Кавказский узел” деп аталган маалымат агенттигине айтып беришкен.

Аталган агенттик мурда кабарлагандай, Кадыровду колдогон акция 28-февралга дайындалып, бирок белгисиз себептер менен 6-мартка жылдырылган.

Чеченстан бийлиги болсо 6-мартка акция белгиленбегенин билдирүүдө. Рамзан Кадыров мындай митингдерди өткөрбөөгө чакырып, 5-апрелде башкаруу мөөнөтү бүткөн соң бийликтен кетерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG