Өкмөттөн алынган кабарга караганда, 8-март майрамынан кийин премьер-министр Темир Сариев парламенттеги башкаруучу коалицияга антикризистик программасын сунуштайт.
Министерлер кабинетинин жыйынында антикризистик программанын өзөгүн экспортко товар чыгарган ишканаларды колдоо, ишкерлерди узак мөөнөттүк, жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, лизингди өнүктүрүү экени айтылган. Өкмөт башчы текшерүүлөрдү токтотуу, Евразия экономикалык биримдигинин базарына чыгууга ишкана, ишкерлерге жардам берүү маселесин да белгиледи. (AiT)