Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Самаковдун соту кайрадан жылдырылды


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши боюнча соттук отурумду башка күнгө жылдырды. Сот Чыңгыз Адамкулов процесске жактоочулардын бири жана 3 күбөнүн келбей калганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алды.

Бүгүнкү соттук отурумда айыптоочулардын күбөлөрүнүн бири Нурлан Асанов эмгек китепчесин көрсөтүшү керек эле. Ал буга чейинки отурумда өзүн Жогорку Кеңештин кошуундар кеңешинде мүчө экенин айтып, бирок далилдеп бере алган эмес. Бүгүн Асанов өзү да отурумга келген жок.

Башкы прокуратура буга чейин 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча ишти тергеп бүткөнүн билдирген.

Тергөөнүн жыйынтыгында Карганбек Самаковго, Жаныш Бакиевге, ошол маалдагы президент Курманбек Бакиевге жана Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан башка Аламүдүн районундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов, экс вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге да “кызмат абалынан кыянаттык кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG