Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Кубанычбек Өмүралиев Прибалтика өлкөлөрүндө да элчи болот


Кыргызстандын Беларустагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев

Кыргызстандын Беларустагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев эки ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Латвиядагы, Литвадагы жана Эстониядагы элчиси болуп дайындалды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Өмүралиев Минск шаарындагы резиденциясы менен Прибалтика өлкөлөрүндө да элчи болуп кала бермекчи. Тийиштүү жарлыкка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Президенттин жарлыгы менен бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси да алмашып, Болот Жунусовдун ордуна Болот Отунбаев дайындалды. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG