Россельхознадзордун Оренбург облусунундагы башкармалыгы маалымдагандай, кыргызстандык аял алып бараткан 380 түп роза гүлү Орусиянын аймагына киргизилген жок. Кыргызстандык жаран көчөттөрдү “Бишкек-Москва” поезд каттамы аркылуу алып бараткан. Тийиштүү адистер сураган учурда кыргыз жараны уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.
Факты боюнча административдик иш козголуп, көчөттөр жок кылынды. (SDz)