Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Женевада Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Франциянын Тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро.
АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Франциянын Тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро.

Сириядагы куралдуу кагылыштарды тынчтык жол менен жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы бүгүн Женевада башталат. Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура бул жараянды “маанилүү сүйлөшүүлөрдүн” башталышы катары сыпаттады.

Кечээ Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Дамаски өкүлдөрүнүн Сириядагы президенттик шайлоону талкуулоодон качуусун чагымчыл билдирүү деп атады. Тараптар Орусия менен Иранды ок атууларды токтотуу келишими жалгыз гана Сириянын азыркы бийлигинин кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга жол берилбей турганын Башар Асадга түшүндүрүүгө чакырышты.

Жекшембиде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядан сүрүлгөн экстремисттер Ливия, Йемен жана Ооганстанга отурукташып жатканын жарыялады.

XS
SM
MD
LG