Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 14-мартта парламенттеги көпчүлүк коалиция алдында билдирди. Анын пикиринде, бүгүнкү күндө өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук өкмөттүн кризиске каршы планын толук аткарууга өбөлгө түзөт. Өкмөт башчы дүйнөлүк саясат жана мунай баасынын арзандашы Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөнүн, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикасындагы олуттуу солгундоолор таасир этип жатканын кошумчалады.
«Антикризистик программа ушул көйгөйлөрдү эске алуу менен иштелип чыкты », - дейт Темир Сариев.
Өкмөттүн планы боюнча, январдан тарта товар экспорттоочулар үчүн сатуудан алынган салык жокко чыгарылды. Сариев казынага түшкөн акча азаярына карабай, ишкерлерди колдоо үчүн олуттуу экономикалык реформалар боло турганын убада берүүдө. (NT)