Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Ош: пикетке чыккан аялды милиция кармап кетти


15-мартта Ош мэриясынын алдына «Туалет маселесин чече албаган бийлик кантип эл башкарат?» деген жазуусу бар плакат көтөрүп пикетке чыккан аялды милиция кармап кетти. Мындан бир нече жыл мурун Оштогу Навои паркындагы каралбай калган ажаткананы тазалап, өз алдынча иштете баштаган Гулбара Абдраева ажаткананы мэрия анын макулдугусуз, башка ишкерге ижарага берип салганына наразы болуп пикетке чыкканын айтууда.

Андан сырткары талаш ажаткана боюнча мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Навои паркынын директорунун үстүнөн жазылган арызды Ош шаардык прокуратурасы карабай жатканына да наразылыгын билдирген.

Ош шаардык милициясы ал аялга азырынча эч кандай айып салынбаганын, тек гана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кайра бошотуп жибергенин билдиришти. Бул окуя Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин көчмө жыйыны башталар алдында орун алды.

Ош: пикетке чыккан аялды милиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

XS
SM
MD
LG