Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Марат Жаанбаев: Чехиядан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү жогору


Чехиянын борбор шаары Прага.
Чехиянын борбор шаары Прага.

Кыргызстандын айыл чарба, экономика тармагына чехиялык инвестчилерди тартса болот. Бул тууралуу Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Бишкекте жүргөн чехиялык делегациянын курамында депутаттардан тышкары, ишкерлер да бар.

Чехия айыл чарба шаймандарын, жер семирткичтерди өндүрүүдө Европада алдыңкы орунда тургандыктан, Кыргызстандын аталган өлкө менен бул тармакта алака түзүүгө умтулушу натыйжа берет. Марат Жаанбаев чехиялыктарды Кыргызстандын тоолуу климаты да кызыктыра турганын, өткөн жылы өлкөгө келген туристтердин саны көбөйгөнүн кошумчалады.

Чехия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Ян Гамачек жетектеген делегация Бишкекке кечээ келди. Сапардын жүрүшүндө экономика, айыл чарба, илим, билим берүү жана маданият тармактарында эки тараптуу кызматташтык тууралуу маселелер көтөрүлмөкчү. (NT)

XS
SM
MD
LG