Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

Трамп менен Клинтон ички шайлоодон ийгиликтүү өтүштү


Трамп менен Клинтон
Трамп менен Клинтон

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон беш ири штатта өткөн ички партиялык шайлоодо позицияларын ишенимдүү бекемдөөгө жетишти.

Экинчи “Чоң шейшемби” өнөктүгүндө Флорида штатында республикачылардан Дональд Трамп 46, Марко Рубио 27 пайыз добушка ээ болушту. Бирок Рубио күрөштөн чыгарын билдирди. Ал партиялаштарынын ичинде Трамптын негизги атаандашы катары сыпатталып жаткан.

Дональд Трамп Иллинойс, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарында да лидерликти колдон түшүргөн жок. Ал эми Огайо штатында губернатор Жон Кейси көбүрөөк добуш алып, "Республикачылар" партиясынан Трампка атаандаш катары күрөштү улантуу ниетинде.

Демократтардын атынан президенттикке аттанган Хиллари Клинтон Огайо, Түндүк Каролина жана Флорида штаттарында жеңишке жетишти. Иллинойс менен Миссуриде атаандашы Берни Сандерс алдыга озуп, таймашты улантмай болду.

АКШдагы президенттик шайлоо быйыл ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG