Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Пакистанда 13 киши өлүм жазасына тартылды


Пакистандын коопсуздук күчтөрү
Пакистандын коопсуздук күчтөрү

Пакистандын аскердик соту согушкер деп шектелген 13 кишини өлүм жазасына тартты. Алар бир катар террордук актыларды, анын арасында 2013-жылы Нанга-Парбат тоосунда чет элдик 10 альпинистти атып өлтүргөн деп айыпталышкан.

Шейшемби күнү расмий таратылган билдирүүгө ылайык, сот аларды “терроризмди жайылтуу максатында кечирилгис кылмыш жасаган” деп атады. Алар ишке ашырган кол салуулар арасында мектептердеги жана аэропорттордогу жардыруулар да бар. Андан сырткары күч кызматкерлери менен жайкын тургундардын өмүрүн кыйган кылмыштары үчүн жазаланары да өкүмгө кошулду.

Пакистанда 2014-жылдын декабрынан тарта кайрадан өлүм жазасы колдонула баштаган. Андан бери 300дөн ашуун киши эң жогорку жазага тартылды. Алардын үстүнөн өкүм негизинен жабык аскерий соттордо чыгарылат.

XS
SM
MD
LG