Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Назарбаевдин небереси кызматтан кетти


Нурали Алиев
Нурали Алиев

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси, Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиев Астана шаарынын акиминин орун басары кызматынан өз каалоосу менен кеткенин жарыялады. Ал бул кызматка 2014-жылдын декабрында дайындалган.

31 жаштагы Алиев мурда бизнесте жүргөнүн, мындан ары да ушул тармакта болууну чечкенин маалымдады.

Ал батышта билим алып, мурда “Нурбанк”, “Казакстандын өнүктүрүү банкы”, “Транстелекомдо” жогорку кызматтарды ээлеп келген.

Апасы Дарига Назарбаева - өлкөнүн вице-премьери. Атасы Рахат Алиев убагында “Нурбанкты” көзөмөлдөп, кийин кылмыш иши козголуп, абакка түшкөн. 2015-жылдын февраль айында Венадагы түрмөдө асынып алган жеринен табылганы айтылган.

XS
SM
MD
LG