Украина президенти Петр Порошенко Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер менен 17-мартта Брюсселде жолугушуп, Киев ишке ашырып жаткан реформаларды талкуулады. Мамлекетте реформа жасоо боюнча бир катар сунуштарды Европа биримдиги киргизген.Тараптар ушул жааттагы өздөрү жасаган баяндамаларды алмашты.
Юнкер маалымдагандай, апрелден тарта Европа биримдигине мүчө 28 мамлекет жана Европарламент Украина жарандарына Шенген аймагына визасыз саякаттоого уруксат берүү маселесин карап чыгат. Муну “жагымдуу кабар” деп сыпаттаган Порошенко украин өкмөтү Евробиримдиктин визасыз каттам боюнча шарттарын аткарууга даяр экенин белгиледи.
Порошенко Орусияда камакта жаткан учкуч Надежда Савченкону уурдап, ага жалган жалаа жабуу менен алектенгендердин жана аларга байланышы бар кишилердин аты-жөнүн берди. Евробиридик бул тизмеге киргендерге санкция жарыялашы ыктымал.