Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:32

Азербайжанда журналист Хадижа Исмаиловага мунапыс берилген жок


 Хадижа Исмаилова.
Хадижа Исмаилова.

Азери президенти Илхам Алиев 17-мартта “Бир катар соттолгон адамдарга мунапыс берүү” тууралуу буйрукка кол койду. Анын негизинде онго чукул укук коргоочу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө мунапыс берилмей болду. Бирок активисттер Абдул Абилов менен Илкин Рустамзаде, Илгар Маммадов жана белгилүү журналист Хадижа Исмаилова бул тизмеге илинбеди.

Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтеп жазып келген “Азаттыктын” азери кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деген айыптын негизинде быйыл сентябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Укук коргоо уюмдарынын аны бошотуу талабынан майнап чыкпай келет. Эл аралык Amnesty İnternational укук коргоо уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп тааныган.

XS
SM
MD
LG