Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Бельгияда "Париж террорчусу" атыккан Салах Абдесалам кармалды


Бельгиянын юстиция министри Парижде былтыр ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарды ишке ашырууга шектелип жаткан Салах Абдесалам кармалганын расмий билдирди. Салах Абдесалам Париждеги чабуулдардын башкы уюштуруучусу жана ага катышкандардан тирүү калган жападан жалгыз өкүлү экени айтылып жаткан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары ага чейин Брюсселде терроризмге каршы операция жүрүп, андагы атышууларда эки адам жаракат алганын жана анын бири Салах Абдесалам экени айтылып жатканын жазып чыгышкан.

Бүгүн мунун алдында Бельгия прокуратурасы ал жашырынып жүргөнү болжолдонгон Брюсселдеги бир батирден аныкы деп шектелген манжа издерин тапканын кабарлаган. "Биз Форе коммунасындагы батирден Абдесаламдын манжасынын изи табылганын ырастай алабыз", - деп билдирген 18-мартта прокуратура өкүлү.

XS
SM
MD
LG