Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Нооруз майрамын утурлай мамлекеттик чек арасын, анын ичинде Кыргызстан менен чек ара тилкесин да кайтарууну күчөткөнүн өлкөнүн маалымат агенттиктери жазып чыкты. Podrobno.uz сайты жазышынча, Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу комитетинин өкүлү чек ара көзөмөлүн күчөтүүдө кошумча бронетехника тартылганын жана бардык аскер техникалары Өзбекстандын гана аймагында турганын айткан. Ошондой эле чек ара көзөмөлү эки тараптуу макулдашууга ылайык жүрүп, такталбаган аймактарга кирүүлөр болбогону белгиленген. Аталган комитет мындан тышкары кыргыз тарапты чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуудан карманууга да чакырган.
Кыргыз тарап бүгүн эртең менен саат жети жарымдар чамасында Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачылары кирип келип, 2 БТР жана 2 “Камаз” унаасын токтотуп койгонун кабарлаган. Бул маалыматты чек ара кызматы ырастап, Тышкы иштер министрлиги Ташкентке нота жөнөткөн. Чек арадагы кырдаал боюнча өкмөт чукул жыйынга чогулуп, кыргыз тарап да аталган аймакка чек арачыларын койгон.