Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Өзбекстан өкүлү чек арада түзүлгөн кырдаал убактылуу экенин айтты


Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн азыркы кырдаал убактылуу гана көрүнүш жана эки элдин ортосундагы мамилеге бүлүк салбашы керек. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Өзбекстандын Сох районунун акиминин орун басары Бобуржон Маткеримов билдирди.

Ал ушу тапта Баткен шаарында өтүп жаткан майрамдык иш-чарага катышып, куттуктоо айтты.

Маткеримов эки эл байыртадан Нооруз майрамын бирге, ынтымакта тосуп келгенин жана чек-арада өткөрмө бекеттин жабык турушу убактылуу гана көрүнүш болуп жатканын айтты.

Баткендиктерди куттуктаганы бүгүнкү салтанатка Тажикстандын Исфара районунун акиминин орун басары Содиржон Косимов да да келип, каалоо-тилектерин айтты.

18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет.

Өзбекстан Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Сох анклавы аркылуу кыргыз жарандары үчүн транзиттик каттамдарга уруксат бербей, 18-марттан бери чек ара көзөмөл бекеттерин бир тараптуу жаап турат. Баткен районунун жогору аймагында жайгашкан 10 чакты айыл тургундары райборборго Сох анклавы аркылуу транзиттик каттам менен өтүшчү. Учурда алар Айгүл-Таш - Согмент - Таян айланма жолу аркылуу каттап жатышат .(JsA)

XS
SM
MD
LG