Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Өзбекстан: калктын саны 31 миллион 532 миңден ашты


Наристе.
Наристе.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн мамлекеттик статистика комитетине таянуу менен “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды. Маалыматка караганда, былтыркы жыл ичинде Өзбекстанда элдин саны жарым миллион адамга көбөйгөн. Беш жыл мурун калктын саны 27 миллионго чыкканы расмий кабарланган эле.

Коңшу мамлекетте 2014-жылы 721 миңден ашык ымыркай төрөлсө, былтыр 150 миңдей өлүм катталган. Бир жашка чейинки 7700 наристе чарчап калган. Бирок көз карандысыз байкоочулар өлүмдүн саны бийликтин жогорку маалыматына караганда кыйла көп дешүүдө.

Эгемендүүлүк алгандан бери Өзбекстанда калкты каттоо жүргүзүлгөн эмес. Акыркы эсеп советтик доордо, 1989-жылы алынган.

XS
SM
MD
LG