Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:57

АКШ жана Орусия дипломаттары Москвада жолугушат


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри (солдо) менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри (солдо) менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 23-24-мартта Москвада жумушчу сапар менен болот. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украина жана Сирияда тынчтык жараянын алдыга жылдыруу боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Улуттар Уюмунун Сирия боюнча өкүлү Стефан де Мистура Москвадагы сүйлөшүүлөр Женева сүйлөшүүсүн туңгуюкка алып келген өткөөл мезгилдеги президент Башар Ассаддын ролу боюнча маселени чечерине үмүт артууда. Ал “баарыбыз Москвадагы сүйлөшүүлөр натыйжалуу болот деп, аны кызыгуу жана үмүт менен күтүп жатабыз” деди.

Орус президенти Владимир Путин 22-мартта фин президенти менен жолугушууда Батыш өлкөлөрү Сирия оппозициясын ымалага келтирүүгө таасирин тийгизерине үмүт артты:

- Батыштагы бардык өнөктөрүбүз оппозиция өкүлдөрү менен байланышын колдонуп, тынчтык жараянын активдүү жылдырууга аракеттенет деп эсептейбиз.

АКШнын мамлекеттик катчысы Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Сирия маселеси менен кошо жакында эле 22 жылга кесилген украиналык учкуч Надежда Савченконун маселесин да көтөрү белгиленүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG