Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Искандаров: Чек арадагы соңку окуяга Орто-Токой маселеси да себеп болушу ыктымал


Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал Орто-Токой маселесине байланыштуу чыккан болушу да ыктымал. Бул тууралуу бүгүн пресс-конференцияда өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

Ал буга чейин да "Азаттыкка": Өзбектсандын кадамы туура эмес. Муну эл түшүнөт. Дагы бир божомол айтып коеюн. Орто-Токойду Өзбекстан бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келген. Аны өзүбүзгө өткөрүп алуу кадамы башталганда Өзбекстан бизге кайрылган. Суу сактагычтын дамбаларында жарака болушу ыкмымал, өзүбүздүн техника, адамдарды киргизип оңдоп берели деп уруксат сурашкан. Биз болсо, эмне үчүн башка мамлекеттин ошондой суранычын аткарып, аларды киргизишибиз керек, бул объект биздики болгон соң өзүбүз оңдойбуз деп жооп бердик. Анан канча каржылык каражат кетсе ошону Өзбекстандан сурайбыз, анткени сууну алар пайдаланып жатат деген элек. Ошондон кийин эле ушундай окуя чыгып жатат. Буга чейин ушул боюнча Өзбекстандан нота келген эле. 20 күндөй болду. Бул жөн эле чыккан жок" деп айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG