Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Баткен: Чек арадагы Ак-Сай – Тамдык жолун куруу башталды


Баткендин Тажикстан менен чектеш аймагында көп жаңжалдын чыгышына себепчи болуп келген Ак-Сай – Тамдык унаа жолун куруу башталды.

Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү 18 чакырым айланма жолду куруу иши 2013-жылы аксайлыктыр көтөрүлүп чыккандан кийин башталан. 2014-жылы май айында кошуналар жолдун курулушуна нааразы болуп, техниканы талкалап, жумушчуларды да ташбаранга алгандан кийин иш токтоп калган.

Айланма жол али такталбаган чек арадан кээ бир жери 200, кээ бир бөлүгү 700 метрдей Кыргызстандын аймагынын ичине курулмакчы. (JsA)

XS
SM
MD
LG