Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Таш-Көмүрдө "хизбутчу" деп шектелгендердин үйү тинтүүгө алынды


Облус аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында Таш-Көмүр шаарында бүгүн "Хизб ут-Тахрир "диний экстремисттик уюмуна мүчө адамдардын үйү тинтүүгө алынды.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет. Беш үй-бүлөгө жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралар учурунда видео кассета, ар кыл жазуу баракчалары жана китептер далил буюм катары алынып, шаардык ИИБга өткөрүлүп берилди. Учурда теологиялык экспертиза дайындалууда. Өткөн жылы "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан үч адам чыккандыгын жарыялаган.(RsK)

XS
SM
MD
LG