Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Багдаддагы жардыруу үч өмүрдү алып кетти


Ирак -- Шиит аалымы Муктад ал-Садрдын тарапкерлеринин отурма акциясы. Багдад, 18-март, 2016.
Ирак -- Шиит аалымы Муктад ал-Садрдын тарапкерлеринин отурма акциясы. Багдад, 18-март, 2016.

Ирактын баш калаасында бүгүн бир жанкечти террорчунун чабуулунан үч адам өлүп, 20дан ашуун киши жаракат алды. Полиция жардыруу жумушчулардын жыйыны өтүп жаткан борбордук Тайаран аянтында болгонун билдирди. Жардыруу болгон жерден бир чакырымдай аралыкта таасирдүү шиит аалымы Муктад ал-Садрдын тарапкерлеринин өлкөдө саясий реформаларды жүргүзүүнү талап кылган отурма акциясы өтүп жаткан.

Азырынча бул чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок быйыл Иракта жанкечти террорчулар жасаган мындай чабуулдардын көпчүлүгү үчүн өлкө түндүгү менен батышындагы аймактарды ээлеп алган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алып келген.

XS
SM
MD
LG