Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Египет учагын барымтага алган адамдан жанкечти куру табылган жок


Египет учагын Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга мажбурлап кондурган адамдын жардыргыч затка шыкалган куру бардыгы тууралуу сөзү жалган болуп чыкты. Бул тууралуу Кипрдин жарандык авиация министрлиги билдирди.

Бүгүн эртең менен EgyptAir компаниясынын Александрия шаарынан Каирге 81 жүргүнчү менен учуп чыккан Airbus 320 учагын бир адам жанкечти куру бардыгын айтып коркутуу менен Кипрдин аймагына конууга аргасыз кылган.

Кийинчерээк ал Сейф Элдин Мустафа аттуу Египет жараны экени белгилүү болду. Кипр бийликтери барымтачы Александрия шаарындагы университеттин прфессору экенин, ал мурдагы аялы жашаган Кипрден башпаанек сураганын билдиришкен.

Кипр президенти Никос Анастасиадис бул окуянын террор менен байланышы жоктугун айтып чыкты. Алгач барымтага алынган учактан жаш балдар менен аялдар чыгарылып, бир канча сааттан кийин калган жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү да эсен-соо бошотулду. Барымтачы камакка алынды.

Бул учурда негизинен чет элдик учактарды кабыл алган Ларнак аэропорту убактылуу жабылып турду.

XS
SM
MD
LG