Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Кербен радио-релейлик станциясы үчүн кошумча жер бөлүндү


Кербен шаар кеңеши радио-релейлик станция куруу үчүн Бозбу-Тоонун Ителги деген чокусунан жер бөлүп берүүгө макулдугун берди. Мындай чечимди шаар кеңеш өкмөт мүчөлөрү катышкан жабык отурумунан кийин кабыл алды.

1-апрелде Кербен шаар кеңеши Үңкүр-Тоодогу Кербен радио-релейлик станцияны башка жакка көчүрүү боюнча кошумча жер бөлүп берүү тууралуу өкмөттүн 22-мартта жолдогон протоколун талкуулады. Отурумга катышкан өкмөт мүчөлөрү бул протокол боюнча иш Башкы прокуратурада каралып жатканын жүйөө келтирип, депутаттардан азырынча радио-релейлик станция үчүн кошумча жер бөлүп берүүнү өтүнүшкөн.

Кербен шаар кеңешинин бүгүнкү отурумуна айрым депутаттар катышкан жок.

Кыргыз өкмөтү санариптик телекөрсөтүүгө өтүү иштеринин алкагында Аксы районунда кошумча байланыш станциясын куруу зарылчылыгы бар экенин билдирип, ал үчүн кошумча жер суралганын ырастоодо. Ошол эле учурда өкмөт Үңкүр-Тоонун чокусундагы “Кербен-24” радиорелейлик станциясы көчүрүлбөй турганын ырастоодо.(RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG