Маскарапоздор майрамы
Бишкекте маскарапоздор фестивалы өттү. Күлкү күнүнө карата бир гана күн болгон фестивалга Кыргызстандан тышкары Казакстан, Украина жана Молдовадан келген маскарапоздор катышты. Конкурстук эмес, майрамдык маанайда өткөн фестивалда маскарапоздор цирктин манежинде көрүүчүлөргө чоң программада тамаша-күлкү тартуулады.