Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Порошенко 84 орусиялык жаранга санкция киргизди


Украин президенти Петро Порошенко Надежда Савченконун, Олег Сенцовдун жана Александр Кольченконун укуктарын бузууга тиешеси бар делген адамдарга карата санкция киргизди. Буйрукка ылайык, санкция 84 адамга тийиштүү.

Бирок санкция киргизилгендердин аты-жөнү, аларга колдонулчу чаралар тууралуу айтылган жок.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22-мартта украин учкучу Надежда Савченкону 2014-жылы Луганск облусунун аймагында эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп таап, 22 жылга эркинен ажыратып, чек араны мыйзамсыз өткөн деген кине менен 30 миң рубль айыпка жыккан. Савченко бул айыптарды мойнуна албасын жана орус сотун тааныбасын айткан. Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери Савченкону "саясий туткун" деп белгилешкен.

Украин бийлиги аны Киевде экстремизмге шектелип камалган эки орусиялык офицерге алмашууга даярдыгын билдирген.

Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Владимир Маркин жергиликтүү гезитке маек берип жатып, Савченкону алмашуу мүмкүн экенин айтты.

Ал эми украиналык режиссер Сенцов менен крымдык активист Кольченко орус соту тарабынан 20 жана 10 жылга эркинен ажыратылган. Аларга Сиферопольдо Лениндин эстелигин жардырууга даярданган, “Крымдагы орус коому” менен “Бирдиктүү Орусиянын” кеңселерин өрттөгөн деген айып тагылган. Булар дагы айыбын мойнуна алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG