Орусиянын Коргоо министрлиги өрт тууралуу маалыматты ырастап, андан эч ким жабыркаган жок деп билдирди. Өрт имараттын үчүнчү кабатында бүгүн тутанган. 40 адам өз алдынча чыгып кетип, 7 киши эвакуцияланды. Азыр аны өчүрүүгө 120 адис тартылды. Кырсыкка электр жабдыктарынын күйүп кетиши себеп экени болжолдонууда. Буга чейин орусиялык ТАСС агенттиги өлкөнүн укук коргоо органдарына таянуу менен мекеменин 50 квадрат метри күйүп кеткенин кабарлады.
Москва: Коргоо министрлигинде өрт чыкты