Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Путин офшордук эсептерге тиешеси бардыгын четке какты


Орусия президенти Владимир Путин бүгүн журналисттерге Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) жарыялаган "Панама документтеринен" эч кандай коррупциялык компонент көрбөй жатканын билдирди. Ал Панаманын юридикалык компаниясынан документтер чыгып кетишин Батыштын каралоо өнөктүгүнүн алкагындагы иш деп атады: "Алар элдин бийликке ишенимин кетирип, өлкөдөгү кырдаалды ичтен чайпалткысы келет", - деди Путин. Ал ошондой эле музыкант Сергей Ролдугин менен дос болгонуна сыймыктанарын, ал миллиардаган долларларды табары тууралуу маалымат бекер кеп деп айтты: "Ал иштеп тапкан акчасынын баарын сырттан музыкалык асапаптарды сатып алып, аны Орусияга алып келүү үчүн короткон".

3-апрелде Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган. Анын Орусияга арналган бөлүгүндө президентке жакын музыкант Сергей Ролдугин жана Путинге байланышкан офшордук тармактар тууралуу сөз болгон. Тактап айтканда Путинге жакын адамдар "Россия" банкы жана Панамадагы офшордук компаниялар аркылуу 2 миллиард доллардан ашуун арам акчаны адалдаганы айтылган.

XS
SM
MD
LG