Германия бийликтери баш калка сурап кайрылгандардын саны ушул жылдын биринчи чейрегинде былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп экенин билдиришти. Жума күнү жарыяланган расмий маалыматка ылайык, 2016-жылдын биринчи үч айында өлкө аймагына кирген 180 миң качкын баш калка сурап кайрылган. Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында алардын саны 85 миңди түзгөн.
Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер миграциялык мекемелер былтыркы жылдан берки кайрылуулардын баарын карап жатышканын белгиледи. Өткөн жылы Германия бир миллион 100 миң качкын кирген. Алардын көбү убактылуу жашаган жерлеринде каттоого туруп, кайрылууларына бийликтен жооп күтүшөт.