Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Хоккей: Кыргызстандын тандалма командасы Катар менен беттешүүдө


"Азия чакырыгы" кубогуна арналган эл аралык мелдештеги алгачкы беттешүүдө кечээ 9-апрелде Кыргызстандын тандалма командасы биринчи оюнда Индиянын командасын 11:1 эсебинде утуп алган.

Эл аралык мелдеш Бишкек шаарынын муз майданында өтүп жатат. 14-апрелге чейин боло турган оюнда Кыргызстан, Индия, Катар, Малайзия жана Макао өлкөлөрүнүн курама командалары ойношот.

Эл аралык жана Азиялык хоккей федерацияларынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан турнирге кыргыз хоккейчилери быйыл үчүнчү жолу катышып жатат.

“Азия чакырыгы” кубогунун 2014-жылдагы оюндары Бишкекте өтүп, финалда Кыргызстан курамасы Макаого аз гана айырма менен, 5:4 эсебинде утулуп калган эле. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште коло медаль тагынышкан. Бул кубоктун жеңүүчүсүнө Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого шарт түзүлөт.(AzK)

XS
SM
MD
LG